1. Таза эмес кирдеген көрүнүш, булганычтык. Аппак жака кир болор (Сыдыкбеков). Аптада жууп ак кылып, Кир кийимди кийгизбейт (Тоголок Молдо). 2. Жуула турган жана жуулуп тазартылган, ар кандай кийим-кече, шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»). 3. өт. Жаманатты, күнөө, айып. Байкабасаң баары бир, Таза башың болот кир (Токомбаев). Бизди кир кыла турган жаман иштердин бири ушул эмеспи («Ала-Тоо»). 4. өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Көңүлүнө кир кетип жүрбөсүн (Жантөшев). Ичинде турган кирлерин Ойлонуп чунак жойгон жок («Семетей»). 5. өт. Кек, жамандык, жаман ниеттүүлүк. Көз карашын байкасам, Көңүлүндө кири бар («Мендирман»). Ичине кир сактаган, Эл ичинде көп болду (Тоголок Молдо).
1. Бир нерсенин ичин көздөй өтүү, ичине карай баруу, багыт алуу, ичинде болуу. Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик (Жантөшев). Коркуп качса кыргыйдан Короолу кирет бүргөнгө («Олжобай менен Кишимжан»). Шахтага кирер менен, аркырап бетке урган муздак жел да тымый түштү (Сасыкбаев). Башын көтөрө албай, уялганынан бала төшөгүнө кире калды («Ала-Тоо»). 2. Белгилүү бир жайга келип жетүү, келүү. Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Токомбаев). 3. Берилген, кызыккан абалда болуу. Кептин кызыгына кирип алган үч абышка дөңдө көпкө отурмак болушту («Ала-Тоо»). Кынуусуна кирген соң, Күндө тозок салбайбы («Манас»). 4. Жуулганда, суу болгондо тыгыздалып, кичирейип калуу, кыскаруу (мис. кездеме, кийим-кече ж. б.). 5. Чыгуу, келүү. Жыйырмага жаңы кирген жаш жигит. 6. Белгилүү бир уюмдун мүчөлүгүнө өтүү көпчүлүк тарабынан шайланган топтун составында болуу, окуу жайына ж. б. кабыл алынуу, өтүү. Артелге кир! Силердики бардык мал (Токомбаев). Жаштар уюмуна кирди. Институтка кирди. Интернатка кирди. 7. Басуу, каптоо. Дүркүрөгөн ызычуу, кирип келди айылга (Жантөшев). 8. Кандайдыр бир нерсени аткарууга, иштөөгө киришүү, аткара баштоо. Жумушка кирди. Жоого кирди. Сугатка кирди. Тамакка кирди. Бир топ абышка тогуз коргоолго киришти (Убукеев). 9. Толуу, жетилүү, пайда болуу. Алма даамына кирди. Адам күчүнө кирди. Карууга кирди. 10. Көпчүлүктүн же бир нече адамдын бириккен тобуна, жыйынына ж. б. катышуу, ичинде болуу. Жорого кирди. Шеринеге кирди. Айыл-апанын ынтымагына кирди. Компанияга кирди. 11. Бирөөнүн кебине, таасирине берилип, кошулуп кетүү, кандайдыр бир нерсеге алынуу, артынан түшүү. Душмандын кирип сөзүнө, Туз куюлду көзүмө (Барпы). Тунук өстүң, жаман жолго кирбедиң (Токомбаев). Аракка кирген адамдын үй-бүлөсүндө ырыскы болобу («Чалкан»). Ак сакал болуп балдарга, Арамдык жолго кирбей жүр (Жантөшев). 12. Куут мезгилинде каарына келген, жинденген абалда болуу (буура, бука ж. б. карата). Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев). Бактеректин тиштери кирген бууранын тишиндей кычырады (Токомбаев). – Ооба, мен! – деди Шабыралы кирген текедей бакылдап (Байтемиров). 13. Көбөйүү, ташкындоо, күкүктөнүү (сууга карата). Сайдагы чоң суу дагы жылдагыдан эрте кирди (Айтматов). Мөңгү жибип, суулар кирди күркүрөп (Осмонкул). 14. Түшүү, башталуу, пайда болуу. Кеч кирди. Иңир кирди. Күүгүм кирди. Чачына ак кирди. Жан кирди. Кубат кирди. 15. Негизги этиш менен бирге айтылып, кандайдыр бир аракеттин, кыймылдын, окуянын ж. б. интенсивдүү башталышын же анын өөрчүгөн, күч алган абалын көрсөткөн көмөкчү этиш катары колдонулат. Калың жоону аралап, Качырып кирди Табылды («Эр Табылды»). Эчтемеге карабай, уулун жемелеп киргенине таң калдым («Ала-Тоо»). Бүкөнтай көздү жуумп ырдап кирет (Осмонов). 16. Түш көрүү, түшкө кирүү. Эстесең керек... менде чоң бүгүн жаңылык, Түшүмө кирип, «Жүрөмүн» дедиң сагынып (Өмүров).